
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 1-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 1-июнда Бишкекте дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүп, анда Акматалиев 3-орунду ээлеген. Ага 3-орун үчүн 5200 упай берилген. Учурда анын эсебинде жалпы 50200 упай бар. Муну менен ал 70 кг салмактагы эркин күрөш боюнча балбандардын дүйнөлүк рейтингинде 1-орунга чыкты.
Буга чейин Акматалиев рейтингде 3-орунда турган.