7-июндан тарта коомдук транспорттун айрым каттамдары жол кыймылын өзгөртөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-июнунан тарта Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолунан ЧЧКга чейинки бөлүгүндө асфальттагы кемчиликтерди оңдоо иштерине байланыштуу автотранспорт кыймылы убактылуу токтотулат.
Ушул себептен улам, коомдук транспорттун №21, №118 жана №260 каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлөт.
Алар белгисиз убакытка чейин Буденный көчөлөрүн Жибек — Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин Курманжан Датка, Чугуев, Станционная, Нургазиев көчөлөрү менен айланып өтүшөт.