Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты

Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты, деп билдирет Туризм департаментинин маалымат кызматы.

Логотибде облустун жаратылышын чагылдырган бийик тоолор, анда байыр алган аркар, өлкөдө уникалдуу деп саналган “Таш-Рабат” тарыхый-маданий объектиси, облустун төрт районунун аймагын камтыган айтылуу “Соӊ-Көл” көлү ошондой эле, кыргыздын улуттук-маданий баалуугу болгон боз үй, кыргыздын улуттук суусундугу кымыз куя турган идиши – көөкөр чагылдырды.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун туристтик брендин (брендбук) иштеп чыгууга региондордо туризмди өнүктүрүү анын дараметин чет элдик туристтерге таанытуу жана жайылтуу максатында Туризм департаменти колдоо көрсөттү.

whatsapp image 2023 06 06 at 14 57 19 Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты
whatsapp image 2023 06 06 at 14 57 20 2 Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты
whatsapp image 2023 06 06 at 14 57 20 Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты