Талас РИИБдин башчысы райондун айыл аймактарын башчылары менен жолугушту

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Талас РИИБдин башчысы милициянын полковниги Майрамбек Калманбетов Талас районунун айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушууда 103 “Сырткы видео байкоо жөнүндө” мыйзамы боюнча, айыл аймактарында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айылдардын кооптуу деп эсептелген жерлерине видео байкоо орнотуу боюнча сунуштар талкууланды.

Кыргыз Республикасынын президентинин 54-жарлыгын Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө талаптарын ишке ашыруу боюнча иш пландар иштелип чыгып, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн жер жерлерде өздөрүнүн бекитилген административдик аймактарда укук бузууларды кылмыштуулуктун алдын алууда, болтурбоого карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аксакалдар соту менен биргеликте кандай иштер алып барып жаткандыгын талкуулап пикир алышты. Ошондой эле айыл аймактарында кандайдыр бир көйгөйлөр коркунучтар жаралса нөөмөт бөлүмүнө 102 билдирүүгө калтырса болорун эскертти.


79276e63 657f 4284 9e4f c2625ad4c0e7 Талас РИИБдин башчысы райондун айыл аймактарын башчылары менен жолугушту