Экология министринин жаңы орун басары дайындалды

Азамат Темиркулов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, Азамат Темиркулов Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына тааныштырылган.

Белгилей кетсек, Азамат Темиркулов буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.