
3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара – Бишкек – Анкара багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамы келип конду.
«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.
«Жумасына 4 каттам ачуу – бул башталышы гана. Август айынан баштап Бишкектен Анкарага каттамдар күн сайын аткарыла баштайт», — деди Бишкектеги Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкы директору О.Шафак Күчүкчолак.
Анкарага каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. 2023-жылдын август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.