УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

УКМК берген маалыматта, алар тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалган.


Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, статьясына ылайык келет. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.


Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

c0e3aa7e a960 4da2 8c32 59ff4887a374 УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
b891c440 5ccd 460a a121 7e2cabf9fa25 УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
bb92abd9 ebb4 41f3 a450 6f3569705979 1 УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
ca050a67 fe90 45a4 9e96 7bc551b2d5ef УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
b2ef86b1 8373 42b9 bf84 5ead7abf19ce УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды