Мария Захарова: Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам кыргыз тилин билбегендерге кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик тилдин жаңы редакциясы тууралуу пикирин билдирди.

“Бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде биздин мекендештерибиздин укуктары боюнча абалга жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенине кыргыз кесиптештерибиздин көңүлүн бир нече жолу бурганбыз. Өнөктөштөр бул мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөйт деп ишендиришти. Ошондуктан союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, — деди Захарова.

Ошол эле учурда Захарованын билдирүүсү социалдык тармактарда талкууга жем таштап, өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү катары сыпатталууда.

31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырган.

Мария Захарова: Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам кыргыз тилин билбегендерге кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн