Жапаровду Эрдоган инаугурация аземине чакырды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Өз кезегинде Түркиянын президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.