«Балага сүйүнчү» төлөөгө быйыл 740,9 млн сом каралган

Кыргызстанда быйыл «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Учурда Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө берилет. Эгер үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир наристеге 50 миң сомдон «сүйүнчү» тапшырылат.

Былтыр Кыргызстанда 130,2 миң наристеге 522,8 млн сомго «балага сүйүнчү» берилген.