Талапкерлердин добуштарын сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузууга, ошондой эле №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин добуштарды сатып алуу фактыларына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгону айтылат.


Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер “С.У.А.” жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.


Учурда КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.

fc1ffcae 87b4 4e96 aefc 52684f4438f6 Талапкерлердин добуштарын сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду
949a11fa 8da9 4f58 83f5 a1ec1749a34d Талапкерлердин добуштарын сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду
89756dd1 be4d 414c 84e0 7156a929a9cf Талапкерлердин добуштарын сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду