
Таласта өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Милициядан билдиришкендей, 16-майда Айтматов районунда белгисиз айдоочу өспүрүмдү сүзүп, качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жаракат алган өспүрүм ооруканага жеткирилген.
Аталган факт каттоого алынып, окуя жерине тергөө-ыкчам тобу барган. Айдоочуну кармоо үчүн ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 48 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран кармалган.
«Текшерүү учурунда анын жол кырсыгына тийиштиги бар экендиги жана «Фольксваген Пассат» унаасын мас абалында башкарып келе жаткандыгы аныкталган», — деп билдиришти милициядан.
Айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
