
19-майдан тартып оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылапйыке, туннелдин электр чубалгылары алмаштыруу, дубалдарын актоо жана сырдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошентип, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин туннель жабык болот.
Аталган аймакта жол коопсуздугун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.