Бишкекте жаран бычактан жаракат алып, ооруканага түштү

Бишкекте жаранга бычак сайган деп шектелип 34 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде милицияга Кулиев көчөсүндө эркек киши бычактан жараат алганы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, №1 шаардык ооруканага тез жардам кызматы менен ичине бычак жеген 31 жаштагы О.А. аттуу жаран жеткирилгенин аныктаган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.У. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, азыркы тапта анын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.