Бишкекте дүкөнгө уурулукка кирген шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын дүкөндөрүнүнүн бирине уурулукка кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин күзөт кызматынын кайтаруусунда турган Бишкектеги «Космос» дүкөнүнүн ээси видеобайкоодон 2 жаран дүкөндүн ичинен товарларын уурдап жатканын байкап, айгай баскычын баскан.

Ошол замат, милициянын ыкчам тобуна «айгай» белгиси берилип, алар окуя жерине чыккан.

Ыкчам топ окуя жерине барганда, «Космос» дүкөнүнүн ичинен 2 жаран милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылышкан. Бирок алар кармалып, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.