
Бишкекте Эл аралык музей күнүнө карата “Музейдеги түн” акциясы өтөт. Акция 18-майда Улуттук тарых музейинде саат 17:00дөн 22:00гө чейин өткөрүлөт. Кирүү акысыз.
Беш миңден ашуун кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн бул акцияда бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат.
Коноктор маданий мекемелердин, коомдук чыгармачыл фонддордун, эл аралык уюмдардын кызыктуу программаларына, таланттуу ѳнѳрпоздор менен чыгармачыл инсандардын жандуу концерттик программалары менен бирге, кызыктуу мастер-класстар, улуттук кийимдердин этно-модалары, индия, кытай, япон элдеринин, ошондой эле актерлордун аткаруусунда сценарийлешкен оюн-зоокторуна, Кыргызстандын кѳп улуттуу маданиятын даңазалаган казак, дунган, кавказ, ж.б. диаспоралардын ыр-күүлѳрүнѳ күбѳ боло алышат.