
Майлуу-Сууда аял кишиге кол көтөрүп, денесине залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык милициясына 42 жаштагы аял арыз менен кайрылып, анда 20-февралга караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити кол көтөрүп, денесине залал келтиргендигин билдирген.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу ШИИБнин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну аталган райондон кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.