АКШда Кыргызстандын жараны катышкан жол кырсык боюнча тергөө иштери уланууда

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунан алынган маалыматка караганда, 2023-жылдын 28-апрелинде Небраска штатында Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан Dodge Ram үлгүсүндөгү унаа башка Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен.

Натыйжада Hyundai Santa Fe унаасынын бир жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болуп, калган төртөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Ооруканага түшкөндөн кийин дагы бир жүргүнчү каза болгон. Dodge Ram унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү өмүрүнө коркунуч келтирбеген жаракаттар менен Нортон округунун ооруканасына жеткирилген.

Ооруканадан чыккандан кийин Dodge Ram унаасынын айдоочусу К.В. (жарандыгы такталууда), атайылап киши өлтүрүү беренеси менен камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

“Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда жана маселени көзөмөлгө алууда”, — деп айтылат маалыматта.