«Азаттык» өз ишмердүүлүгүн улантат

Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Кыргызстанда адам укуктарын жана сөз эркиндигин талкуулаган жыйында «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Бакыт Асанов билдирди.

Асановдун айтымында, «Азаттык» 70 жылдык тарыхында дал ушундай сыноолорго кабылган.

«Ленин райондук сотунун чечими чыкты. «Азаттык» өзүнүн ишмердүүлүгүн улантат. Чектен чыккан чечимге мыйзамда көрсөтүлгөндөй иш алып барабыз. Райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз. Интернеттин заманында «Азаттык» чынчыл, бейтарап маалыматтарды өз көрүүчүлөрүнө жеткирүүгө болгон аракет жасайт. Көз карандысыз медиалар кандай басымга кабылып жатканын көрүп жатабыз. Анын ичинде «Азаттык» бир катар тоскоолдуктарга кабылганын белгилегим келет. Алсак, сайттын бөгөттөлүшү, сот чечими, Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салуу, банк эсебинин бөгөттөлүшү»,-деди Асанов.