Буга чейин Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор социалдык тармактарга тараган. Бүгүн, 2-майда Талас ОИИБ экинчи шектүү кармалганын билдирди.
«Бул кылмышка шектүү катары анын шериги, 1981-жылы туулган жаран кармалды»,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 30-апрель күнү өзүн Бишкек шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Ш. уулу Э. деп тааныштырган жаранды мал базарда жүргөн адамдар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, электр мамыга колунан жана белинен жип менен байлап, ур-токмокко алышкан.
Текшерүүдө Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан 60 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын тургуну да мал базардан кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алганын билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген. Ал Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган тургуну экени белгилүү болгон. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.
Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери иш алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага алып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталган. Шектүүнү милицияга алып келишип, аты-жөнүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.