ИИМдеги “тазалануу”: 30 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулду

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына “Коопсуз жол” программасын иштеп чыгып, тез арада ишке киргизүү тапшырмасы коюлду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

2023-жылдын  28-апрелинде ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.

Коллегияда ички иштер министринин орун басары Адыл Бийбосунов жол коопсуздуган сактоо багытындагы ишмердүүлүктү сынга алып жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча түзүлгөн шарттардан улам жол кырсыктарынын саны азайышы керек болчу,бирок былтыркыга салыштырмалуу көп катталып, калган көрсөткүчтөр деле азайбастан былтыркыдай эле денгээлде калгандыгын белгиледи.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары боюнча беренелер ишке киргизилип жол эрежелерин бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү багытында 20дан ашык беренеге айыптар жана жоопкерчиликтер катаалдаштырылган. Бирок ошого карабастан бул багытта кемчиликтер бар экендиги айныксыз.
Ошондой эле ички тартиптин сапатынын начардыгына байланыштуу жеке кызыкчылык үчүн иш алып барган кызматкерлерди тазалап жатабыз. Жакында эле 30 кызматкерди ички иштер органдарынын катарынан бошоттук. Бир катар жооптуу кызматкерлерди ээлеген кызматтарынан төмөндөттүк, бир катар жетекчилерге ар түрдүү тартиптик жазаларды бердик. Бирок, бүгүнкү күндө кызматкерлер арасында дагы деле мыйзам бузуулар орун алып келүүдө.
Качан гана резонанс жараткан жол кырсыгы катталып, адамдар каза болуп, эл арасында чуу жаралгандан кийин иш алып барбастан, жер-жердеги биринчи жетекчилер ар ким өзү жооптуу болгон аймакта жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүү керектиги тууралуу тапшырма беремин.
Ар бир аймакка, участокко жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жооптуу кызматкерлерди жана жетекчилерди бекитип, ырааттуу иш алып баруу системасы ишке ашырылсын.
Ошондуктан, бала-бакчаларда, орто мектептерде, жогорку окуу жайларда, мекеме ишканаларда, автобекеттерде атайын иш-чараларды өткөрүү тартиби бекитилсин.
Эгерде ошол аймакта жол кырсыгы катталып, жарандар каза боло турган болсо, анда биринчи кезекте жооптуу болуп бекитилген кызматкерлерге карата катуу чаралар көрүлө тургандыгы каралып чыксын.
Жаңы кабыл алынган беренелер боюнча айдоочуларга түшүндүрбөй туруп, айыптарды жазып, элдин нааразычылыгын жаратпай, биринчи кезекте элге туура жеткирүү иштери колго алынсын.
Эч ким жоопкерчиликтен качпашы керек. Жергиликтүү жетекчилер жол коопсуздугу биздики эмес деп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жергиликтүү жетекчилерге баш ийбейбиз деп отуруп, аягында жолдогу профилактика иштерине эч ким жооп бербей калган.
Мындан ары, башкача тартип менен иш жүргүзүлөт. Тактап айтканда, райондук, шаардык, облустук аймактардагы жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жетекчилери, жер-жердеги жетекчилерге түздөн-түз баш ийип, иштөөгө милдеттүү.
ИИМдин ЖККБББсы тез арада “Коопсуз жол” программасын иштеп чыгып ишке киргизүүнү колго алууга тийиш. Программанын ичинде жол тилкелеринен баштап, жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге чейин аткара турган милдеттери, жоопкерчиликтери көрсөтүлүшү керек, – деди Адыл Бийбосунов.

dd294094 9ff6 49f0 b5e4 0b900fdbc803 ИИМдеги "тазалануу": 30 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулду