Бишкекте жаңы гүлбакча курулат

Бишкектин Дорожный көчөсүндө гүлбакча курулуп, Ак-Тилек көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков архитектор, жергиликтүү тургундар жана муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Ошондой эле унаа тыгындарын азайтуу үчүн тургундар Витебская көчөсүн Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейин узартууну карап көрүүнү суранышты.

Мындан тышкары, комиссия Красный строитель конушундагы парктын абалы менен таанышып, район башчысы сейил бакты реконструкциялоонун варианттарын изилдөөнү, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункт менен спорттук залдын долбоорун даярдоону тапшырды.