Россиянын Шадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-апрелде Екатеринбург – Шадринск – Курган унаа жолунда катталган. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Жеңил автоунааны Кыргызстандын жараны башкарып келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган кыргыз жараны алган жараатынан жеринен каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу жана 1999-жылы туулган жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Шадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган.
- «Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга «жүк-200» жөнөтүү маселеси чечилип жатат»,-деп жазылат маалыматта.
Жабыркагандардын абалы туруктуу экени кошумчаланды.