Эрдоган кыргыз куткаруучуларын сыйлады, – сүрөт

25-апрелде Түркиянын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында ушул жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркиянын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы Мамлекеттик медалын, ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.

Сыйлоо аземине өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган.

Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.

343227938 1135585221176395 6299797228319997615 n Эрдоган кыргыз куткаруучуларын сыйлады, - сүрөт
343297647 611473347559604 8951968453670193389 n Эрдоган кыргыз куткаруучуларын сыйлады, - сүрөт
343304769 1911381052563251 6010624253086812495 n Эрдоган кыргыз куткаруучуларын сыйлады, - сүрөт
343060829 6169215666472671 4178224134472673076 n Эрдоган кыргыз куткаруучуларын сыйлады, - сүрөт
343225981 1359514561555829 4014592852549643911 n Эрдоган кыргыз куткаруучуларын сыйлады, - сүрөт
whatsapp image 2023 04 26 at 09 43 45 4 Эрдоган кыргыз куткаруучуларын сыйлады, - сүрөт