Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдөн адам өмүрүн сактап, жоголгон акча каражатты ээсине таап беришти

Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Көл” эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери милициянын старшинасы Дуулат Азатов жана милициянын старшинасы Шайкидин уулу Бекмырза көл жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн учурда көлгө чөгүп жаткан жаранды көрүп куткарып калышкан. Куткарылган жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун 23 жаштагы жараны болгон.


“Ошондой эле Ысык-Көл облусунун “Аврора” эс алуу жайында эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну полктун кызматкерлери милициянын старшинасы Эрлан Талгартбековго, милициянын старшинасы Бекболот Көчөровго жана милициянын кенже сержанты Мирбек Табалдиевге ири суммадагы акчасын жоготуп алгандыгын билдирип, жардам сурап кайрылган. Ошол замат кызматкер эс алуу жайдын айланасын издешип 500000 миң сом өлчөмдөгү акчаны таап, ээсине кайтарып беришкен. Өз кезегинде ыкчам жардам көргөзүшүп, кызматтык милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлерине жарандар терең ыраазычылыгын билдиришкен“, – деп айтылат маалыматта.

65a6612b c653 4267 9430 9883da95cd81 Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдөн адам өмүрүн сактап, жоголгон акча каражатты ээсине таап беришти