
Бүгүн, 26-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйыны болбой калды. Бул тууралуу маалымат кызматынан кабарлашты.
«Күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун демилгечилери жүйөөлүү себептерден улам жыйынга катыша албагандыгына байланыштуу 2023-жылдын 26-апрелинде каралуучу маселелер 27-апрелде өтө турган жыйналыштын күн тартибине бириктирилди»,-деп жазылат маалыматта.
Ага ылайык, 26-апрелдеги жыйналыш өткөрүлбөйт.