Ниязбеков БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын Улуттук кеңсесинин башчысы менен жолугушту

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 25-апрелинде ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеев менен жолугушту.
“Министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков, Министрликтин ыйгарым укуктарынын карамагына кирген бардык негизги маселелерди конструктивдүү талкуулоого ачык экенин белгиледи. Ошондой эле бул багытта Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары БУУнун “Качкындардын статусу жөнүндө” Конвенциясынын бизге жүктөлгөн милдеттерин аткарууга өзгөчө көңүл буруп, бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады”, – деп айтылат маалыматта.

03c713c6 997e 465b ad11 6bfc769c29ba Ниязбеков БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын Улуттук кеңсесинин башчысы менен жолугушту


Өз кезегинде Иван Салеев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги БУУнун КЖКБ менен активдүү иштеп жатканын белгилеп, мындан ары жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.
Тараптар жарандыгы жок адамдардын укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Сөзүнүн аягында министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасында жүргөн качкындардын жана мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө өз ара пайдалуу мамилени бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр деп ишендирди.

ddb9a554 3f62 429e a19b fb0b4dde0bbb Ниязбеков БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын Улуттук кеңсесинин башчысы менен жолугушту