Садыр Жапаров Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчисин алмаштырды

Данияр Бостонов

Президент Садыр Жапаров Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчисин алмаштырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Настаев Александр Иванович ээлеген кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Данияр Бостонов Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.