Ошто 28 жаштагы футбол машыктыруучунун сөөгү иш бөлмөсүндө табылды

Ош шаарында 28 жаштагы футбол машыктыруучунун сөөгү иш бөлмөсүндө табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча анын жүрөгү кармап каза болгон. 

Ош шаардык милициясы Bulak.kg редакциясына учурда бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатканын билдирди. 

Ал эми “Спутник” агентигине маркум Темирлан Бактыбек уулу эмгектенген Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы машыктыруучу турнирлерде дайыма алдыңкы орундарды алып келгенин, окугандар арасында урмат-сыйга ээ болгонун белгилешкен.