Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта, 2023-жылдын январь айынан баштап Талас РИИБге алдамчылык фактысы менен Талас районунун Көк-Кашат, Көк-Ой, Козучак, Кумарык, Бал-Бал, Кара-Суу айылдарынын тургундарынан арыздар байма-бай түшүп турганы айтылат.
“Арыздын негизинде ар бир факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иштери боюнча тергөө башталган. Талас РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү кармалган. Ал Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 1986-ж.т. Р.К. аттуу жаран экендиги жана ал мурда дагы алдамчылык кылмыштары менен соттолгондугу аныкталган. Текшерүү учурунда, ал Талас ТВ жергиликтүү телеканалы аркылуу арзан баада солярка жана ун алып берүүнү, кымбат баада фасоль алууну сунуштап, телефон номери аркылуу элдерди ишендирип “О деньги тиркемеси” менен акча котортуп алган. Бүгүнкү күндө жалпы 9 факты элдерге келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү 54 миң сомду түздү“, – деп айтылат маалыматта.
Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.