Таласта “Селсаяк” рейди жүрүүдө

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Талас ШИИБдин Балдар менен иштөө кызматкерлери жана шаардын вице мэри Мира Сейдикеримова менен биргеликте “Селсаяк” шарттуу аталышындагы рейди жүргүзүлдү. Рейд шаардын борбордук базарда тилемчилик кылган жарандарды текшерүү менен башталды.

“Бул рейддин максаты үй-бүлөлүк зомбулукту жана тилемчилик кылган жарандарын санын азайтууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоо, алдын алууга багытталды. Баса белгилеп кетчү жагдай, турак үйлөрдүн жер төлөөлөрү да текшерилип, окуу жайларга келбеген окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай рейддик иш-чаралар обулустун бардык жерлеринде уланууда”, – деп айтылат маалыматта.

ba2aa5b9 66c6 4b64 a215 666d47cc0526 Таласта "Селсаяк" рейди жүрүүдө
28c2904b 8b03 40af a278 dece5c33285d Таласта "Селсаяк" рейди жүрүүдө