Талас районунда элдин ишенимине кирип,​ алдап акча алып жүргөн адам​ кармалды

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта, 2023-жылдын январь айынан баштап Талас РИИБге алдамчылык фактысы менен Талас районунун ​ Көк-Кашат, Көк-Ой, Козучак, Кумарык, Бал-Бал, Кара-Суу ​ айылдарынын тургундарынан​ арыздар байма-бай түшүп турганы айтылат.

“Арыздын негизинде ар бир факты​ кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иштери боюнча тергөө башталган. Талас РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү кармалган. Ал Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 1986-ж.т. Р.К. аттуу жаран экендиги жана ал мурда дагы алдамчылык кылмыштары менен соттолгондугу аныкталган. Текшерүү учурунда, ал Талас ТВ жергиликтүү телеканалы аркылуу арзан баада солярка жана ун ​алып берүүнү, кымбат баада фасоль алууну сунуштап, телефон номери аркылуу элдерди ​ишендирип “О деньги тиркемеси” менен акча котортуп алган. Бүгүнкү күндө жалпы 9 факты элдерге келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү 54 миң сомду түздү“, – деп айтылат маалыматта.


Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.