Президенттин администрациясына жетекчи болуп кол чатыр көтөрткөн мурдагы прокурор келди

Президенттин администрациясына эки жаңы жетекчи келди. Анын бири Нурлан Сулайманкулов.

Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Сулайманкулов президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Нурлан Сулайманкулов 2016-жылы башкаларга кол чатыр көтөрттү деп коомдун сынына кабылган. Кийин ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.