
Кыргызстандыктар 1, 5, 8, 9-май майрам күндөр болгондуктан иштебейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
1-май — Эмгекчилердин күнү;
5-май — Конституция күнү;
8-майдагы (дүйшөмбү) иш күн 13-майга которулат;
9-май — Жеңиш күнү.
Буга ылайык, кыргызстандыктар катары менен (5-6-7-8-9-май) беш күн эс алат.