Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өттү

Бишкекте жумуш жана кесип жарманкеси өтүп, анда өлкөнүн 70тен ашык алдыңкы компаниялары 6 миңден ашык жумуш сунуштарын беришет. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 28-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. 10:00 башталат. Кирүү бекер.

Жарманкеге келгендер учурдагы бош орундардан тышкары кесип тандоо боюнча кеңеш ала алышат, ошондой эле 60тан ашык адистиктер боюнча акысыз кыска мөөнөттүү окуу программасы менен тааныша алышат.