Биринчи май райондук күзөт бөлүмү террордук актты алдын алуу боюнча иш жүргүздү

Биринчи май райондук күзөт бөлүмү террордук актты алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин арасында террордук акт боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү тууралуу айтылат.
“Иш-чарада ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бахтияр Алиев мугалимдерге мындай жосундарга жол берилбестигин айтып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо, даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо – жаза жана жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу маалымат беришти.


Ошондой эле кыраакылыкты күчөтүп, эвакуациялоо боюнча чараларды көрүү керектигин белгилешти.
Иш-чара террордук акт, коюлган бомба, өрттөө же адамдардын өлүмүнө, оор залал келтирүү коркунучун жараткан башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалыматтардын көбөйүшүнө жол бербөө максатында өткөрүлдү.
Жалган маалыматтардын кесепетинин натыйжасында билим берүү мекемелеринин имараттарында иштин нормалдуу ритми бузулуп, террордук актынын жалган коркунучун болтурбоо үчүн тиешелүү күчтөрдү жана каражаттарды тартуу менен экстремалдык кырдаал түзүлүп, адамдардын арасында коркунучту, дүрбөлөңдү жана жалган ушактарды пайда кылууда” ,- деп айтылат маалыматта.
Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда кызматкерлер ар кандай өзгөчө кырдаалдарда кандай чара көрүү керектигин, айгай белгиси учурунда ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери калк менен биргеликте кандай иш алып барарын көрсөтүштү.

8c9cd8ae 60f8 4d8c 80a4 2a7677b2c94f Биринчи май райондук күзөт бөлүмү террордук актты алдын алуу боюнча иш жүргүздү
79c99e0a 67a3 4342 839c f59de4a1f6a9 Биринчи май райондук күзөт бөлүмү террордук актты алдын алуу боюнча иш жүргүздү