26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин “Советский” суу топтомундагы оңдоо иштерине байланыштуу Сүйөркулов – Тыныстанов – Ахунбаев – Ала-Арча дарыясы – Медеров – Радищев – Л.Толстой – Жукеев-Пудовкин – Ахунбаев – Элебаев – Байтик-Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.