
Сеулда түштүк кореялык «Astro» балдар тобунун жылдызы Мунбиндин (MoonBin) жансыз денеси үйүндө табылды. Ал 25 жашта болчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мунбинди 18-апрелге караган түнү менеджери Сеулдун түштүгүндөгү үйүндө тапкан. Менеджер ырчы менен байланыша албагандыктан анын үйүнө барганы айтылууда. Полиция Мунбин өз жанын кыйды деп эсептейт, анткени алар зордук-зомбулуктун эч кандай далилин таба алышкан эмес. Дагы бир вариант боюнча, анын жүрөгүнүн согуусу токтоп калгандыктан каза болгон.