УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды.

Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын жарандары А.С.А. жана А.З.Т. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде маркалоонун милдеттүү жол-жоболорун кыйгап өтүп, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качып, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштурушкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча 2023-жылдын 18-апрелинде КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 236-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.


“2023-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан алынган чечимдин негизинде уюштуруучулардын А.С.А. жана А.З.Т. цехинде, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада, зергер буюмдарын жасоого жана маркалоого зарыл болгон ар кандай жабдуулар, ошондой эле жалпы салмагы 23,5 килограммга жакын күмүш зер буюмдар табылган”
, – деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
КР УКМК баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

e9799c21 deba 49a5 94ec 4fdf60a15603 УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды
b0e63d69 d1c2 44b1 b2ab bf9debd89932 УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды
01769765 75ae 459b aab4 67b8b0e61162 УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды
2bd01290 1b94 47c4 85bb e7316b3be382 УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды
59bee11d 53ea 4725 97ea b8278cbec185 УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды
e3b89bc9 faba 4934 bea3 7288c0d8576e УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды
0db204ee b139 483f b234 415f80a73629 УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды