
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Айт намазга катышат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Айт намаз эртең, 21-апрелде, саат 07:00дө эски аянтта башталат.
Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык баракчаларда түз чагылдырылат.
Бул күнү таңкы 05:00дөн 09:00гө чейин борбордук көчөлөр автоунаалар үчүн жабылат.