Бишкек — “Манас” аэропорту жолунда автобус кырсыктады

Бишкек — “Манас” аэропорту жолунда автобус кырсыктады.
Күбөлөрдүн айтымында, автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы (видеодо талаада турган унаа) сүзгөн. Автобустун ичинде он чакты бала болгон.

Тез жардам кызматы балдар №1 шаардык ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Алардын абалы тууралуу маалымат айтыла элек.

https://t.me/newsbulak/909