Арашан айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты

Бүгүн Аламүдүн районунда Арашан айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  өрттү өчүрүү үчүн эртең мененки саат 8:29да Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча саат 9:00дө ошол эле райондогу №7 ӨКБдан 1, жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен өрттү өчүрүү иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.