“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коому түзүлдү. Анын максаты Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнү орнотуу, ошондой эле кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо болуп саналат.
Ачык акционердик коом түзүү чечими КР министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААКны түзүүнүн дагы бир негизги максаты артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестицияларды Кыргызстандын экономикасына тартуу.
Мындан тышкары, “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААКы инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасайт.
Кабыл алынган чечимге ылайык, КР Экономика жана коммерция министрлиги “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат.
“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 млрд АКШ долларына чейин болот. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5%ын түзөт. Башкача айтканда, кыргыз тараптан 2,5 млн АКШ доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт.