Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды Финляндиянын “Metso Outotec” компаниясы иштетет

“Кумтөр” алтын кениндеги калдык сактоочу жайды Финляндиянын “Metso Outotec” компаниясы иштетет. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Ал үчүн атайын сынак өтүп, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн компаниялар катышкан.  Жыйынтыгында “Мetso Outotec” компаниясынын калдыкты кайра иштетүү ыкмасы эң оптималдуу деп табылган.

Кумтөрдө 27 жыл ичинде 150 миллион тонна калдык чогулган. Алдын ала маалыматтар боюнча, “Кумтөрдөгү” калдыктарды кайра иштетүүдөн мамлекет 2040-жылга чейин 3,5 миллиард доллар пайда көргөнү турат.

Баардык экономикалык жана техникалык негиздемелер даяр болгон соң, жылына 12 миллион тонна калдыкты кайра иштетүүгө ылайыкталган фабриканын курулушу башталат.

Бүгүнкү күндө калдык сактоочу жайда 105 миллион куб же 150 тонна калдык бар. Курамы тоннасына 0,8 граммды түзөт. Калдык сактоочу жайдагы 120 тонна алтындын 65-70 тоннага жакынын казып алабыз деп пландап жатабыз. Ошондо жылына 4 тонна 700 киллограм алтын алып калабыз. Бул долбоор 2026-жылдын экинчи жарымында иштеп башташы керек”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда калдык сактоочу жайды тегерете 240ка жакын ар кандай көзөмөлдөп-өлчөөчү приборлор орнотулуп, жакынкы күндөрү айланасындагы дамбаларды дагы 3 метрге бийиктетүү иштери башталат.