Баткенде сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин курган фактылары аныкталды, – сүрөт

Жер мыйзамдарын одоно бузуулар аныкталды, – деп маалымдалды УКМКнын басма сөз кызматынан.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

c7586722 6473 4142 88ff 070f33441d3d Баткенде сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин курган фактылары аныкталды, - сүрөт
c691f9ff c7ef 4d93 b58b bcf95cf97595 Баткенде сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин курган фактылары аныкталды, - сүрөт
b4360f76 9434 45cd a806 e8b5efc4c0fd Баткенде сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин курган фактылары аныкталды, - сүрөт