Forester компаниясынын директору үй камагына чыкты

 Forester компаниясынын директору Александр Черепов үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үй камагына алуу тууралуу баш коргоо чарасын боюнча өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Буга чейин, Forester компаниясы менен салыкчылар 100 миллион сом зыяндын ордун толтурганы кабарланган.

Эске салсак, Александр Черепов кармалганы 17-апрелде маалымдалган. Ага чейин коррупция фактысы боюнча Салык кызматынын он инспектору кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, салык органдары бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, алардын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча төлөнүүчү салыктын суммасын 100 миллион сомдон ашык суммага атайылап азайткан.