
Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекеттин аймагындагы коомдук дааратканадан өлүү төрөлгөн түйүлдүк табылды.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.
Жеринде аныкталгандай, ал боюнан түшүп калуудан улам эрте төрөлгөн ымыркай экени аныкталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бардык керектүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
