Чыгыш автобекеттин дааратканасынан ымыркайдын сөөгү табылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекеттин аймагындагы коомдук дааратканадан өлүү төрөлгөн түйүлдүк табылды.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.

Жеринде аныкталгандай, ал боюнан түшүп калуудан улам эрте төрөлгөн ымыркай экени аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бардык керектүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

vokzal Zapad Чыгыш автобекеттин дааратканасынан ымыркайдын сөөгү табылды