Жер мыйзамдарын одоно бузуулар аныкталды, – деп маалымдалды УКМКнын басма сөз кызматынан.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды.
“Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.