УКМК: Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 11-апрелинде Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А.Н. кармалып, камакка алынды.
Тергөөнүн жүрүшүндө С.А.Н. кол алдындагы кызматкерлери жана Сузак райондук “Кадастр” жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен бирдиктүү кылмыштуу иш алып барышып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону аныкталды.
Сузак районунун “Сузак”, “Каркыра-Мисте” жана “Благовещенка” айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери С.А.Н. буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.
Сатылган жер тилкелерине жасалма каттоо маалыматтары менен жасалма укук белгилөөчү документтер берилип, андан соң “Кадастр” МИ жергиликтүү органы тарабынан жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар, райондук архитектура органдары тарабынан курулушка уруксат берилген.
Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 857 700 сом экени аныкталды. Учурда прокуратура органдары менен биргеликте аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө”,
– деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Буга чейин Сузак айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук кадастр жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган жоруктарга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жер тилкелери боюнча ушул сыяктуу жаңы жагдайларды аныктоо туралуу облустун аймагында тергөө амалдары уланууда.

WhatsApp Image 2023 04 17 at 11.10.43 УКМК: Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды